Каримов Жумалы
Каримов Жумалы (1892, Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш кыштагы – 1950, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1946-жылдан Нарын Облусунун Кочкор районундагы «Коммунизм» совхозунун жылкы ферма башчысы болуп иштеген. 1947-жылы ал башкарган ферма 72 бээден 72 кулун алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978-9967-14-104-9