Рахим Каримов - акын, жазуучу, котормочу 1960-жылы Ош шаарында туулган. Шаардагы Нариманов, Октябрдын 50 жылдыгы атындагы мектептеринен билим алган. 1986-жылы Москвадагы М. Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Кыргыз, өзбек, орус тилдеринде жазат.

Рахим Каримов
Karimov Rahimjon Zokirovich
Туулган датасы:

6-июль, 1960-жыл(1960-07-06)

Туулган жери:

Ош шаары

Ишмердүүлүгү:

{{{Ишмердүүлүгү}}}

Сыйлыктары:

Молдо Нияз

Өмүрбаяны түзөтүү

Каримов Рахимджан - жазуучу, акын, котормочу. Ош шаарында 1960-жылы 6-июлда туулган.

Ал Оштогу Октябрдын 50 жылдыгы атындагы пахтадан кездеме токуучу өндүрүштүк бирикмесинде слесарь-оңдоочу, шыбакчы, сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеген.

1986-жылы Москвадагы А.М.Горький атындагы адабий институтунун поэзия бөлүмүн аяктап, “Голос текстильщика”, “Ак-Бура” гезиттеринде кабарчы, башкы редактор, Ош шаардык “Вечерний Ош” гезитинин редакторунун орун басары, Өзбекстан Жогорку Кеңешинин “Халк сузи” гезитинин өз кабарчысы, “Ош” эл аралык адабий-көркөм альманахынын жооптуу катчысы, облустук маданият департаментинин жетектөөчү адиси, “АКИpress-Фергана” маалымат-аналитикалык бюросунда котормочу-редактор болуп иштеген.

Ырлары, аңгемелери, макалалары облустук, республикалык, эл аралык гезит-журналдарда, альманахтарда жарык көрүп, Кыргыз телерадиокорпорациясы, Би-Би-Си, “Азаттык” радиолорунан уктурулуп келет. Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде жазат. Анын көптөгөн ырларына обондор жазылган.

1986, 1989-жылдары Ташкендеги Г.Гулям атындагы адабият жана искусство басмасынан жарык көргөн “Прозрачные ручьи” “Радуга” жамааттык жыйнактарынын авторлорунун бири.

1999-жылы “Камила” романы Молдо Ныяз атындагы республикалык сыйлыкка татыган жана 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасы тарабынан “Улуттук бестселлер” сыйлыгына татыктуу болгон.

Облустук “Алтын калем–2003” журналисттик сынагынын жеңүүчүсү.

Өзбекстандын жаш жазуучуларынын семинарларынын бир нече жолку катышуучусу. «МФРП-IFRW» (Лондон-Будапешт) Орус тилдүү жазуучуларынын эл аралык федерациясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Публикациялары түзөтүү

  • «Голос текстильщика»
  • «Уш садоси»
  • «Эхо Оша»
  • «Ош жанырыгы»
  • «Ош шамы»
  • «Кыргыз туусу»
  • «Слово Кыргызстана»
  • «Заман-Кыргызстан»
  • «Сарыкол» (ГБАО, Тажикистан)
  • «Кыргыз руху»
  • «Ёш ленинчи»
  • «Узбекистон адабиёти ва санъати»
  • «Халк сузи»
  • «Литературная газета»
  • «Юность»
  • "Подольский Альманах" (Россия)
  • "Минуты поэзии-2009"(Украина)
  • «Учкун»
  • «Молодость»
  • «Ёш куч»
  • «Ала-Тоо»
  • «Литературный Кыргызстан»
  • «Ош»
  • «Шарк юлдузи» (Өзбекстан),
  • «Ёшлик»
  • «Пресс-парк»
  • «Кабар-Юг»
  • «Южный рынок»
  • «7х7»
  • «Ваша газета»

Китептери түзөтүү

  • «Прозрачные ручьи»
  • «Радуга» (Ташкент, 1986, 1989).
  • «Цветные сны» (Ош, 1988)
  • «Пятая заповедь» (1993)
  • «Камила» (2000)
  • «Камила» (Бишкек, «Шам», 2005)
  • «Камила» (Ош, ОсОО «Вега», 2007)
  • «Хайвонот боги» (1998)
  • «Зоопарк» (2008)
  • «Измена» (2002),
  • «Мирозданье» (2003)
  • «Лаъли Бадахшон» (2007)
  • «Бадахшан бермети» (2007)
  • «Бейопа» (2008)
  • "Камила" (Лондон, 2013) кыргыз жана өзбек тилинде
  • "Живое слово" (антология, Беларусь, 2013).

Котормолору түзөтүү

Авторлор Китептын аты Тилдер Которгон тилдеги аты
Таш Мияшев “Махабат менен коштошуу” (кыргызчадан өзбекчеге) "Alvido,muxabbatim!"
Кармышак Ташбаев Бийик жердин балдары (кыргызчадан өзбекчеге) "Buyuk yer farzandlari"
Сафар Абылов Горустондон кайткан аял (кыргызчадан өзбекчеге) "Kabristondan qaytgan ayol"
Жумадин Кадыров Бубу Мариям, роман (кыргызчадан өзбекчеге) "Bubu Mariam"

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Булактар түзөтүү