Каримов Салы Каримович (15.04.1935-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы) –физика-математика илимдеринин кандидаты (1967-ж, Алма-Ата ш) математик, физика-математика илимдеринин доктору (1984-ж, Киев ш), профессор (1988). ОГПИнин физика-математика факультетин бүтүргөн (1960). 1977-жылдан бери Математикалык анализ кафедрасынын башчысы. Дифференциалдык теңдемелер боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 окуу куралы жарык көргөн. Эмгектери: Элементардык функциялар. Б., 1971; Асимптотическое поведение решений одной системы дифференциальных уравнений с малым параметром при производных. Ф., 1975. Асимптотика решений некоторых классов дифференциальных уравнений с малым параметром при производных в случае смены устойчивости точки покоя в плоскости «быстрых движений». Минск, 1982.

Колдонулган адабияттар түзөтүү