Каркыра көтөрүлүшү
Каркыра көтөрүлүшү – 1916-жылы Жети-Суу облусундагы улуттук боштондук кыймылдын очогу. Кээ бир маалыматтарда «Албан Бугу» көтөрүлүшү деп да аталган. 1-дүйнөлүк согушка байланыштуу жергиликтүү элден аскердик-оорук иштерине алуу үчүн 1916-жылы 25-июнда чыккан падышанын буйругуна ылайык 6-июль күнү «Нарынкол–Чарын» приставынын начальниги Подворков 13 болуштун билермандарын жыйнап, аны аткарууну талап кылган. Жыйылган эл акылдашып, 3–4 күндөн кийин жооп берүүгө макул болушкан. Алар 10-июлда Каркыранын Каман-Карагай деген жерине жыйын өткөрүп, адамдарын оорук иштерине бербейбиз деген чечимге келишкен. Бул кабар жеткенден кийин Подворков казак-орус отрядын баштап келип, жыйынга катышкандардын баарын туткунга алып, Каракол түрмөсүнө камаган. Жыйын башчысы Жамаке Мамбет уулуна уу берип өлтүрүлүп, калганы Каракол уездинин башчысы полковник Ивановдун буйругу менен 8-августта атууга буйрулган. Натыйжада, Каркыра жайлоосунда көтөрүлүш башталган. 11-августта көтөрүлүшчүлөр Жылаңач станциясын талкалап, Келгиндер башкармалыгынын бир нече кызматкери өлтүрүлгөн. 16-августта Каркыра жарманкесин басып алышкан. Сентябрда көтөрүлүш Верный, Жаркент, Лепси, Каракол уездерине тараган. Каркыра көтөрүлүшү падыша өкмөтү тарабынан түзүлгөн жазалоо отрядынын жардамы менен сентябрдын аягы – октябрдын башында аёосуз басылган. Жазалоочу отряд көтөрүлүшкө катышкандарды куугунтуктап, Кайкы ашуусунда кырган. Архивдик маалыматтар боюнча кыргыз-казактардын жүзгө жакын айылдары талкаланып, 373 үй өрттөлсө, 684 адам жарадар болуп, 1905 адам окко учкан. 1105 киши туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Көтөрүлүшкө чейин Жети-Суу Облустунда 84 854 түтүн эл жашаса (Пишпектен башка 5 уездде), көтөрүлүштөн кийин бул жерде 53 миң гана түтүн калган. Падыша өкмөтү 171 адамынан ажыраган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9