Каркыра өрөөнүЫсык-Көлдүн чыгышында. Түндүгүнөн Кетмен жана Кеген тоолорун, түштүгүөн Тескей Ала-Тоонун тармагы менен чектелет. Аянты 400 км ге жакын. Узундугу 78-82 км, туурасы 35 км (жазы жери). Деңиз деңгеели 1800-2750м бийиктикте. Рельефи боюнча 5 районго бөлүнот:

  1. жапыз Ала-Тоонун чыгыш тарабы;
  2. каптал өрөөндөрү көп тескей Ала-Тоонун түндүк бети;
  3. коо-колоттуу, каксоо адырлуу Кетмен тоосунун түштүк капталы.
  4. чаптуу жарым чолдүү Чаар-Кудук жана Кегендин адырлары;
  5. Каркыра түздүгү.

Тоолору палеозойдун аки таш тегинен, кумдуктан жана граниттен, адырлары палеоген менен неогендин кызыл чопо жана кум шагыл аралашкан, борпоң тектеринен, түздүгү аллювийден турат. Генезистик тиби боюнча синклинорий-грабен, структурасы Түндүк Тянь-Шаньдын Ысык-Көл зонасы менен байланыштуу. Климаты континенттик, жайы ысык (15-25°С); январ-дынорт. темп-расы – 10...–12°С. Жылдык жаан-чачыны 300–450 мм. Шамал кыш-кысын батыш, жайкысын көбүнчө чыгыш тарапка согот. Суулары: Каркыра, Кеген жана Текес. Өтө шордуу Тузкөл көлү бар. Өрөөн күрөң жана кара топурактуу. Талаатулаңы, тескей беттери ндешалбаа, кара-га, адырларда кургакталаа өсүмдүктөрү басымдуу. Малчарбасына ыңгайлуу; Кеген, Шакыдысуу кыш жайгашкан. Башкы авт. жолу Алматы менен Нарын кол р-нун Кеген аркылуу байланыштырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү