Каркыра (топоним)"Манас" эпосунунсюжеттик сызыгындагы элге кеңири белгилүү салттык туруктуу окуялардын бириКөкөтөйдүн ашыөткөрүлгөн жер. Уруу аксакалдары кеңешип отурупКошойкарыянын сунушу боюнча ашты өткөрүүгө ылайыктуу жер деп К-ны жактырышат. К. "Манастын" негизги варианттарынын бардыгында Көкөтөйдүн ашы өткөрүлгөн жер — өрөөн катарында сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашы эпостун башка варианттарыдай азыркы Ысык-Көл өрөөнүн өн ары чыгыш тараптагы К. жайлоосунда өтпөстөн Эртыштын боюнда өткөрүлөт. Радлов жазып алган вариант боюнча "Бокмурун" деген темада баяндалган Көкөтөйдүн ашы Кулжанын тегерегинде өткөрүлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошойдун сунушу боюнча К. жайлоосу тандалат:

Баарыңарга эп болсо,

Бабаңар айткан кеп болсо

Күн батыш жагы Ысык-Көл,

Ар тарабы бирдей тең,

Иледен ылдый айдаса

Ат чабуучу жери кең,

Ашка ылайык ушу бар,

Ар тараптан салаалап

Аккан булак суусу бар.

Кең Каркыра атагы,

Сиркедей шакел чыкпаган

Кайнатып алма, тузу бар.

Карагай, кайың, тереги,

Канчалык жагып жатсаң да

Отунга тиер кереги.

Ат чабылар жери мол

Ашка ылайык жер ошол (Сагымбай Орозбаков, 3. 77).

Саякбай Каралаевдин варианты нда:

Аты угулат Каркыра,

Артыкча башка ошо жер.

Мүдүрүлөр аңгек жок,

Суу жеген кемер жок,

Жилик чагар ташы жок,

Сай-сайынан шаркырап,

Миңден булак куюлган,

Үкүрчүнүн оюна,

Үч-Капкактын боюна

Кемегени казчуу жер.

Керилген өзөн Кеген-Суу,

Кең бойлоп атты чапчуу жер,

Кең тамаша салчуу жер.

Үч-Каркыра өзөнү

Аш берүүчү жер ошол (Саякбай Каралаев, 2. 10—11). К-ны Кошой карыя сунуш кылат. Географиялык реалияда азыркы Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы Кыргызстанга чектеш аймак.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4