Карлук кагандыгы — Тянь-Шаньдагы жайгашкан байыркы мамлекет.

Карлук кагандыгы
766 — 940



Борбор калаа Суяб, кийинчерээк Баласагун
Тил Карлук тили
Дин Теңирчилик
Ислам[1]
Калк Карлуктар
Өтүүчүлүк
Түргөш кагандыгы
Караханий мамлекети

Түргөш кагандыгынын урандыларында карлуктардын мамлекети пайда болгон. "Карлук бодун" (карлук эли) же "үч карлук" (карлуктардын үч уруусу) деген атты Монгол Алтайынан Балхаш көлүнө чейинки, Тарбагатай кырка тоолорунан түштүккө жана түндүккө карай аймакты ээлеп жаткан көчмөн уруулардын күчтүү союзуна таркатышкан. Карлук бирикмесинин курамына булак, чигил (же себек) жана ташлык деген үч ири уруу кирген болучу. Карлуктардын бир бөлүгү VI к. экинчи жарымында же VII к. башталышында Тохарстандын аймагынын бир бөлүгүн ээлеген Карлуктардын башка бир бөлүгү алыскы чыгыштагы монгол талааларында калышты. Тарбагатайлык карлуктардын күчүү армиясы болгон. Чыгыш жана Батыш Түрк кагандыктарынын чек арасындагы аймакты ээлеп, кээде бирине, кээде экинчисине баш ийип турган. Алар өтө тынчы жок жана козголоңчу букаралар болушкан. Карлуктар Экинчи Түрк жана Түргөш кагандыктарынын кулашына алып келген саясий ири окуяларда башкы ролдордун бирин ойношкон 744-ж. басмыл, уйгур жана карлук урууларынын бириккен күчтөрү Экинчи Түрк кагандыгын кыйратышат. Бирок жаңы дөөлөттүн каганы уйгурлардын колбашчысы болуп калат. Ал Элетмиш Билге-каган (744-759-жж.) деген титулду алат. Мамлекет Уйгур кагандыгы (744-840-жж.) деген атка конот. Бул этностук бирикмеге 19 уруу баш кошкон. Карлуктардын башчысы "жабгу" наамын гана алгандыктан өзүнүн баштагы союздаштарына көз каранды болуп калат. Мунун өзү бир катар кагылышууларга алып келет. Уйгурлар кысымга алышкан карлуктар 746-ж. Жети-Сууга көчүп кетишет. Бул мезгилде Чыгыш Түркстандагы кырдаал өтө оор болгон. Муну Тан наместниктери өз таламдары үчүн пайдаланышкан. 748-ж. Кытай армиясы Чүй өрөөнүнө басып кирип, Карлухтар кытайлар менен арабдардын согушунда башкы ролду ойногон. Алар жыйырма жылга созулган согуштун натыйжасында тогуз урууларын Жети-Суудан сүрүп чыгышкан, Суяб шаарын ээлеп, аны кыйратат. Кийинки жылы кытайлар Чач (Ташкент) акимин туткунга түшүрүп, аны асып ташташат. Кытайларга карлуктар жардам берген. Жагдайды байкап турган арабдар Тан империясынын Орто Азиянын иштерине мынчалык одоно кийлигишүүсүнө жол беришкен эмес. Жети-Сууга жана Тенир-Тоого бекем орношуп алган сон, карлуктар тибеттиктер менен союз түзүшүп, Чыгыш Түркстанда жана Жунгарияда уйгурлар менен күрөштү улантышкан. 840-жылы Уйгур кагандыгы талкалангандан кийин карлук жабгусу Билге Кул Кадыр хан өз мамлекетинин беделин көтөрүүгө киришет. Билге Кул Кадырхан "каган" наамын кабыл алган. Бул акт Борбордук жана Орто Азиянын бардык түрк уруулары күтүлбөгөн жерден өздөрүн карлуктарга көз каранды деп таанышты дегендикке такыр эле жатпайт, анткени чыныгы күч Эне-Сай кыргыздарынын колунда болгон. Ошол эле жылы Самаркандын Саманий наместниги Нух ибн Асад "каапыр" турктерге каршы "диний согуш" жарыялаган. Ал Исфижаб шаарын (азыркы Чымкентке жакын жерде) алып, анда орношкон. 893-ж. Саманий башкаруучусу Исмаил ибн Ахмед карлуктарга жортуул жасап, Тараз шаарын камаган. Каган Огулчак Кадыр хан узакка созулган камалоого туруштук берсе да шаарды тапшырууга аргасыз болгон. Исмаил өзүнүн бийлигин бүткүл Талас өрөөнүнө жана Мерке шаарына чейин Чүй өрөөнүнүн бир бөлүгүнө таркаткан. Бул аймакты каратып алып, саманийлер эки максатка жетишкен: бул жерлерди "каапырлардын" арасында исламды таркатуу борборуна айландырышкан жана Шельжи областында (Талас дарыясынын өйдө жагы) бай күмүш кендерин алышкан. Огулчак Кадыр хан өзүнүн борборун Кашкарга көчүрүп, Саманийлерге каршы согуш аракеттерин уланта берип, алардын чыгышка карай андан ары илгерилешин токтоткон. Жүз жылдын ичинде Теңир Тоонун, Жети-Суунун жана Чыгыш Түркстандын карлук урууларынын арасында кубаттуу Караханийлер династиясынын айланасында баш кошуп, Саманийлерди кулатып, Орто Азияны жеңип алган күчтөр жетилип отурган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010

Тиркемелер түзөтүү

  1. Калып:Книга