Карл Павлович Брюллов - орустун таланттуу жана көрүнүктүү искусство адамы. Карл 1799-жылы 23-декабрда туулган. Ал Петербургдагы сүрөтчүлөр Академиясында А. И. Иванов жана А. Е. Егоровдун мастерскоюнда окуйт. Атасы жыгачка сүрөт түшүргөн уста-сүрөтчү болгон. К.Брюллов 1823-1825-жылдары Италияда жашап, 1936-жылдан тартып Петербургдагы сүрөтчүлөр Академиясында профессор болуп иштейт. Кийин 1849-жылдары Модера аралында жашайт, ошол эле 1850-жылы кайра Италияга кетет. Анын мындай саякаттоолорунун себеби да ошол кездеги орустун сүрөт искусствосундагы классицизмдин терс көрүнүштөрүн четке кагуу болгон. Анткени ал өзүнүн эмгектеринде турмушту жана дүйнөнү романтикалык багытта чагылдыруу менен орустун сүрөт искусствосундагы реалисттик ыкмаларды көздөгөн болчу.Брюлловдун искусствосу өзүнүн эмоционалдык күчү менен адам адамдын сулуулугун даңазалоо, ошондой эле турмуштагы драмалык кагылышуулардын ачык образдарын тартуу менен айрымаланып турат. Анын алгачкы кездеги жараткан "Италиядагы чак түш" (1827), "Вирсавия" (1832) аттуу сүрөттөрүндө эле жаратылышты жөп-жөнөкөй, өзүнүн көрүнүшүндөй жандуу тартуу менен ойдун так берилишине жеткен. Сүрөтчүнүн негизги чыгармалары болгон "Помпейдин акыркы күнү" аттуу сүрөтүндө шаардын талкаланышын көрсөтүү менен өзүнүн каармандарынын ушунчалык мээримдүү экенин тартып келет да, алардын баары бир ошол шаарга туш келген жаратылыштын алааматынан акыркы кайтыш болушаарынан бери ачып көрсөтөт. Бул романтикалык негизде тартылган чоң полотнонун түпкү мааниси ошол жылдары Европадагы эркиндик үчүн болгон эл көрүнүшүнүн басылышы баяндалган. Орус живописинин тарыхына классикалык чыгарма катары кирген бул сүрөт Брюловду ошол кездеги атактуу сүрөтчүлөрдүн катарына кошкон. Ал сүрөтчү - живописчи гана болбостон сүрөтчү портретчи да болгон. Анын жараткан ондогон портреттери жана романтикалык полотнолорду ушул кезге чейин Москванын, Санк-Петербургдун жана башка шаарлардын көрүнүктүү музейлеринде сакталып турат. К.П.Брюллов 1852-жылы дүйнөдөн кайткан.

Карл Брюллов

Адабият түзөтүү

  • Брюллов Карл Павлович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. -Ф., 1976. Т.1. - Б. 564;
  • Карл Павлович Брюллов // Жаш ленинчи.-1974.-№ 12. - Б.2.