Карой жарым аралы

Карой жарым аралы - Ысык-Көлдүн түн. жээгинде. Карой кыш-нын жанында. Көлгө 3,1 км кирип жаткан аккумуляциялык урчук.

Туурасы 4,5 км. Кумдук, чопо, шиленди тектерден түзүлгөн. Голоценде туурасы 2,1–0,74 км болгон тектир пайда болгон. Эки капталынан Чоң-Койсуу ж-а Чолпоната сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Суу астындагы уландысы 2,5 кмге (20 м тереңдикке чейин) созулат. Жээгинде кумдуу пляждын тилкеси (туурасы 10 мге чейин) бар. Батыш жээги шагылдуу сайроондордон турат. Капталдарында кумдук тоо тегинин такталары 3–5 м тереңдикке чейин жетет. Чыгыш жээгинин ортоңку бөлүгүн (300 мге чейин) кумдук текши каптайт. Карой тумшугундагы кумдуу пляж 1979-жылдан 1985-ж. чейин 100 мге кеңейген. Жарым аралдын чыгыш жагында (тумшукка жакын) туурасы 10–50 мге жеткен лагуналар жатат. К. ж. а-на эс алуу жайлары курулган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2