Каролин институту (КИ, швед. Karolinska Institutet; кээде англ. (Royal) Caroline Institute деп аталат ) - медициналык университети болуп саналат, жана ошондой эле дүйнөдөгү ири жана кадыр-барктуу медициналык жогорку окуу жайлардын бири. Ал Швециядагы Стокгольмго караштуу Сольна деген жерде жайгашкан. Нобель ассамблеясы Каролин университетинде физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыктарын ыйгарышат. Бул жогорку окуу жайындын медицина тармактарында элүү профессор билим берет. 2017-жылы Оле Петтер Оттерсен университеттин ректору болуп шайланган.

Каролин институту.

Каролин институту 1810-жылы Стокгольмдун батыш тарабындагы Кунгсхольменде ачылган. Ондогон жылдар өткөндөн кийин негизги кампусу Стокгольмга жакыныраак жайгашкан Сольнага көчүрүлгөн. Экинчи университеттик камусу Стокгольмдун түштүк тарабындагы Флемингсбергдеги Хаддингде түзүлгөн. Каролин институту дайыма дүйнөдөгү кадыр-барктуу окуу жайлардын арсында жогорку орунду ээлейт ал эми азыркы учурда дүйнөдөгү медицинаны октуучу мыкты окуу жайлардын арасында 7-орунду ээлейт.

Щвециядагы Уппсала (1477-жылы түзүлгөн) жана Лунд университеттеринен (1666-жылы түзүлгөн) кийинки үчүнчү байыркы медициналык окуу жай болуп эсептелинет. Щвеция боюнча изилдөөлөрдүн 40%ы Каролин институтунда жүргүзүлгөн.

Тарыхы түзөтүү

Кампустары түзөтүү

Жетекчилиги түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү