Карта (гр. chartes – жазууга пайдалануучу папирус барагы же түрмөгү) – 1) жер бетинин, жылдыздуу асмандын же алардын айрым бөлүктөрүнүн кичирейтилип, математикалык жактан аныкталып жана жалпыланып, шарттуу белгилер менен тегиздикке (кагазга жана башка) түшүрүлүшү; маалыматтары картанын темасына жана милдетине жараша болот; мисалы, географиялык карталар, жылдыз карталары. Карта салыштырмалуу түп нускасына окшош, масштабы, ачык түшүнүктүүлүгү, баяндамалуулугу менен илимий билим берүүдө география, геология, геофизика, социология жана башка Жер жана коом жөнүндөгү илимдерде чындыктын сүрөттүү үлгүсүн берет, ошондой эле багыттоочу жана маалымат берүүчү каражат болуп эсептелет; 2) бланка; 3) оюн картасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү