Картавов Михаил Михайлович

Картавов, Михаил Михайлович (1910, Орусия, Волгоград облусу, Серфимович ш. - 1987, Фрунзе) - геогр. илиминин кандидаты (1949), доцент (1950), профессор (1969).

Ленинград мамлекеттик университетинин геогр. факультетин бүтүргөн (1939). Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу (1942-45-ж.). Демобилизациядан кийин Кыргызстанга келип, Кыргыз пед. институтунда ага окутуучу болуп иштейт. 1948-ж. геогр. факультетинде жаңыдан уюшулган экономикалык геогр. кафедрасынын башчысы, кийин ошол кафедранын профессору, 1954-58-ж. КМУнун илимий иштер боюнча проректору. Картавов Кыргызстандагы улуттук адистерди даярдоого, экономикалык география илиминин Кыргызстанда өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Кыргыз геогр. коомунун уюштуруучулардын бири; анын «Чүй өрөөнү», «Чоң Кемин өрөөнү», «Фрунзе облусу» аттуу эмгектери экономикалык геогр. илиминин Кыргызстандагы алгачкы үлгүлөрүнөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2