Башбаракты ачуу

Картаюу – организмде жашка жараша закон ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. Картаюуда адамдын териси жукарып, бырыш кирип, чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы жана башка өзгөрөт. Түрдүү ички жана сырткы жагымсыз факторлор организмди тез картайтат (патологиялык картаюу). Физиологиялык картаюунун алгачкы белгилери 60 жаштан кийин пайда боло баштайт. Картаюу процесси ар кайсы органдар менен ткандарда ар башка мезгилде жүрөт. Улгайгандарда орган менен системалардын функциясы акырындап төмөндөйт, көздүн тунук кабыгынын тунаруусу күчөп, катаракта пайда болот, көрүү начарлайт, кулак каңырыштайт. Көкүрөк деформацияга учурайт (кифоз). Булчуңдардын күчү начарлайт, нерв, жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүүлөр байкалат. Борбордук нерв системасынын атеросклерозунан болгон өзгөрүүлөрү акыл-эстин, мээнин начарлашына алып келет. Кан басымы бир аз жогорулайт, жүрөктүн кагуусу жайлайт. Улгайган сайын тамак сиңирүүчү ферменттердин активдүүлүгү, май, амин кислоталарын, глюкозаны сиңирүү начарлап, боор иши төмөндөйт. Тиштер саргарып, түшөт. Аялда этек кир токтойт, эркекте сперматозоиддерди чыгаруу начарлайт. Муунда кыймыл азайып, остеопороз, остеохондроз пайда болот. Картаюуну ар түрдүү өнөкөт оорулар тездетет. Ошондуктан оорулардын алдын алуу эрте картаюуну кечеңдетет. Картаюунун өөрчүшүндө тукум куугучтук чоң мааниге ээ. Жашы өткөн адамдарга гимнастика, туура тамактануу маанилүү, себеби анда энергия азыраак жумшалып, зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан ферменттик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек.

Колдонулган адабияттарОңдоо