Картаңбаев Райкан Соодалиевич
Картаңбаев Райкан Соодалиевич (2. 3. 1956-жылы туулган, Чүй облусу Панфилов рну, Эркин-Сай айылы) – техника илимдеринин доктору (2003), ФПИни (1978), Москвадагы автомобиль-жол институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. ФПИде окутуучу, комсомол комитетинин секретары; Кыргыз автожол конструкциялык-технологиялык институтунда улук окутуучу, доцент, бөлүм башчысы; КМКТАУда кафедра башчысы; «Технопарк» илимий-технологиялык борборунун директору болуп иштеген. 2005жылдан КМКТАУда илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор. Туннель кесилиштери жана жол долбоорлоо жаатында адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору. Эмгектери: Эсептөө техникасын колдонуу жана космостук сүрөт съёмкаларын пайдалануу менен тоо жолдорун долбоорлоо. Б., 1997; Транспорттук туннелдерди долбоорлоодо математикалык моделдештирүү. Б., 1998; ПЭЭМди пайдалануу менен курулуш механикасынын жалпы курсу. Б., 2003 (авторлош); Автомобиль жолдорун курууда шагыл материалдарын пайдалануунун өзгөчөлүктөрү. Б., 2004 (авторлош).
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9