Картина

терең ойду туура чагылдырган станоктук живопись чыгармасы

Картина (сүрөт) – терең ойду туура чагылдырган станоктук живопись чыгармасы. К. белгилүү чекте курулуп аяктаган жана техникалык кынтыксыздыкка эсептелип аткарылат. К. деген түшүнүк биринчи кезекте тематикалык композиция менен, демек, тарыхый, турмуштук, согуштук жанрлар менен байланышкан. Бирок бул түшүнүк кайсы жанрдын чыгармасын болбосун өз ичине камтый алат, буга натюрморт да кирет. К-ларды (композициялык эскиздер) натурадан тартылган этюддардын негизинде аткарышат, бирок өзүнүн маңызында К. этюддук живописке каршы, себеби ал жардамчы милдетти аткарат жана өз алдына майда, тар маанидеги милдеттерди коёт. Этюддан айырмаланып К. толугу менен живопистин көркөм өнөрү катары мүмкүнчүлүк­төрүн жана живописчи-сүрөтчүнүн чыгармачылык дареметин ачып көрсөтө алат. Батыш Европалык көркөм искусстводо акыркы он жылдыктарда импрессионизмден баштап К. (айрыкча тематикалык композиция) эң курч кризисти башынан өткөрдү. Социалисттик реализм көркөм искусствосу өткөн замандын мыкты, алдыңкы традицияларын өнүктүрүү менен жаңы турмуш курулушунун шаңдуулугун терең чагылдырууга жөндөмдүү К-ны станок живописинин көрүнүктүү формасына айлантты, к. Тематикалык композиция, Этюд макалаларын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү