Карчыга сымалдуулар
Карчыга (лат. Accipiter gentilis)
Илимий классификация
дүйнөсү: Жаныбарлар
тиби: Хордалуулар
классы: Куштар
түркүмү: Күндүзгү алгыр куштар

Карчыга сымалдуулар (Accipitridae) - күндүзгү алгыр куштардын бир тукуму.Бул тукумга кирген куштар:

  • Карчыгалар (алгыр куш) (лат. Accipiter); карчыганын эркеги - чүйлү, ургаачысы - куш, тынар
  • кыргый (лат. Accipiter nisus), эркеги - чыбый кыргый, ургаачысы - кыргый
  • туйгун, тунжур - карчыга сымалдуулардын эң алгырлары
  • мукур кыргый
  • кулаалы

Куш мүнүшкөрчүлүктө түзөтүү

Куштун кырааны тоодон каз, куу алат. Түлөк куш кыйды, акылдуу болот. Куштун жашы 7-8ден өтпөстөн өмүрү кыска болот. Кушту буктурмага үйрөтүп салганы көп болгон. Кандай куш болсо да, кекилик, чил, кыргоолду ала берет. Кушту алтыдан он эки күнгө чейин таптап салууга мүмкүн, жемине жылкы, кой этин жана алдырган илбесиндин этин берет. Муздак бербестен, бүткүл жемин жылуу берет. Куш артыкча учкул болуп, ушул куш көбүнчө тегеректен чыгат. Куштун кырааны сындуу, мүрүсү калың жүндүү, барак төштүү болуп, тик олтурат. [1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Б. Солтоноев. Кызыл Кыргыз тарыхы, 2 т. - Б., 1993. Текшерилген күнү 7 -август (баш оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 10 -март (жалган куран) 2014.