Карши талаасыОрто Азиянын түштүгүндөгү (Өзбек Республикасындагы) күдүрлүү түздүк, Кашка-Дарыя Облустунда. Чыгышынан Заравшан жана Ысар кырка тоолорунун этектери, батышынан Сандык кумдуу чөлү менен чектешет. Бийиктиги 600 мге чейин. Климаты кургак, жылдык жаан-чачыны 200–400 мм. Кашка-Дарыя жана Карши сугат каналы менен сугарылат. Шыбак-баялыштуу өсүмдүктөр басымдуу. Дан эгиндер, пахта эгилет. Чыгыш бөлүгүндө Карши шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү