Карым-катнаш
Карым-катнашка ― адамдардын коомдо биргеликте чогуу жашоосунун жана эмгектенүүсүнүн ошондой эле адамзат топтогон маданиятты, илим-билимди өздөштүрүүсүнүн зарыл шарты.
Карым-катнаштан ажырап калуу адамдын коомдо жашай алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Карым-катнаштын коомдук өнүгүүнүн түрдүү этаптарында түрдүүчө деңгээлде өнүккөндүгү байкалат.Карым-катнаш деп - адамдардын биргелешкен иш-аракетинин зарылдыктарына ылайык пайда болгон, бир эле мезгилде адамдардын өз ара маалымат алмашуусун, өз ара аракеттенишүүсүн, жана өз ара түшүнүшүүсүн камтыган көп кырдуу байланыш процесси.
Карым-катнаштын үч милдети бар:
Адамдардын өз ара маалымат алмашуусун камсыз кылат.
Адамдардын өз ара аракеттенүүсүн өз ара таасир тийгизүүлөрүн, ишке ашырат.
Адамдардын өз ара түшүнүшүүлөрү жүрөт.
Карым-катнаштын таралуу аймагын кеңейтүү үчүн азыркы күндө массалык маалымат каражаттары колдонулат.Тилди негизги вербалдык карым-катнаш деп эсептесек болот.
Вербалдык эмес карым-катнаш тилдин жардамысыз ишке ашат. Оптика кинетикалык каражаттар мимика, жест, бет булчуңдарынын кыймылдары, жана башкалар.
Колдонулган адабият
түзөтүүПсихология К.Миңбаев