Карын (gaster) - тамак сиңирүүчү (өтүүчү) түтүктүн кеңейген жери. Тамак (азык зат) механикалык жана химиялык жол менен иштетилип чыгат. Көпчүлүк омурткалуулардын (жерде-сууда жашоочулар, сойлоктор, сүт эмүүчүлөр) К-ы жакшы өөрчүгөн, анда К-дын башталышы, же кардиалдык жана бүтүшү, же пилорикалык бөлүмү деп аталат. Экөөнүн ортосунда К-дын түп жагы, же фундалдык бөлүмү. Канаттуулардын карыны 2 бөлүктөн турат - көптөгөн бездерден турган бездүү карын жана калың булчуңдардан турган булчуңдуу карын. Бул тиштин функциясын аткарат, себеби ички бети кутикуладан турат да, бат жыйрылууга жөндөмдүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү