Карышкыр оюн
Шарттары
түзөтүүОюнчулардын саны 8—16 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.
Оюнда колдонуучу аспаптар. Чапан, күрмө, тон.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар сырткы кийимдерин чечишип, аларды бүктөп, короодогу койлордой кылып катар коюшкандан кийин эки топко бөлүнүшөт. Андан кийин оюнчулардын макулдашуусу боюнча биринчи топтогулар «койчу», экинчилер «карышкырдын» ролунда болушат.
Оюндун баяны
түзөтүү«Карышкырлар» билдирбей келишип бир же бир канча «койлорду» уурдап кетүүгө аракеттенишет. «Койчулар» «карышкырларды» кубалашып, аларды баш кийимдери менен уруп алганга аракеттенишет. Кармалган «карышкырлар» «койлорго» кошулат. Оюн «карышкырлар» же «койлор» калбай калгыча ойнолот. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. «Карышкырлар» же «койчулардын» ролун жакшы аткарган оюнчулардын тобу жеңишет.
Оюндун эрежеси
түзөтүүКармалган «карышкырларга» кайрадан оюнга кирүүгө, чурулдоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күчтүүлүккө, ылдамдыкка тарбиялап, бир нерсеге көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.