Карыя.
“Ак сакалдуу карыя,
Акылы терең дарыя” (Макал)
Бул – мерчемдүү өмүрүн өтөп (орто жана пайгамбар жашын), карылык доорду нарктуу алып бара жаткан аталардын сылык аталышы. Карылык – нускоочулук. Жакшы каруу – парз, жаштарга үлгү. Мына ушул жагдайы аркылуу нарктуу карыя аталат.
Карыянын экинчи мааниси – абышка, чал. Кемпири адатта, “абышка” деп чакырат. Өмүрдөшүн карыя дешине караганда минтүүсү эптүүдөй сезилет. “Чал”, “мойсопыт” деп кайрылууга караганда карыя деп айтуу маданияттуулукту тартуулайт. Эркектерди курагына карай бала, тестиер улан, жигит, киши, жашап калган адам, кары деп аташат да, акырында карыяга өтөт.

Адабият түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3