Кар көчкү
Кар көчкү — тоонун тик капталдарынан жылмышып ылдый кулаган кар массасы. Кар көп жыйналып, оордугу артышынан, температуранын өзгөрүшүнөн, жаан-чачындан, шамалдан жана башка сырткы күчтөрдүн таасиринен пайда болот. Көчкүнүн жүрүшүнүн ылдамдыгы орто эсеп менен 20–30 м/с. Көчкү жолундагыларды (таш, кум, өсүмдүктөр жана башка) бүт «шыпырып» кетет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9