Жакиева Касиет - 1957-жылы 20-январда Ноокен районунун Рахманжан айылында туулган. 1981-жылы САМПИни бүтүргөн. 1981 — 1982-жылдары Майлуусуу шаардык ооруканасында интернатураны өткөн. 1982-1983-жылдары ошол эле ооруканада балдар оорулары боюнча дарыгер болуп иштеген. 1983-жылдан баштап, Жалал-Абад медициналык окуу жайында окутуучу, 1985— 1992-жылдары бөлүм башчы, 1993—2005-жылдары фельдшердик жана акушердик бөлүмдөрүнүн башчысы, 2006-жылдан методист. Жогорку категориядагы мугалим. Медицина тармагындагы үзүрдүү эмгеги учун шаардык, облустук мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары менен сыйланган. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. Жакиева Касиет «Аялзат» уюму менен биргеликте иштеп келет. Бир канча конференция, семинарларга катышып, атайын сертификат алган. 1999-жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайында «Демилгелуу аялдардын» фондун түзгөн.