Кассин, Николай Григорьевич

Кассин, Николай Григорьевич (1885, Россия, Киров облусу, Гнусино кыштагы –1949, Алматы) – илимпоз, геология-минералогия ил. доктору, (1937), Казакстан ИАнын академиги (1946). Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946). Санкт-Петербург тоокен ин-тун бүткөн (1913). Негизги эмгектери Казакстандын геол. түзүлүшүн ж-а кен байлыгын изилдөөгө арналган. Казакстандын геол. картасын алгачкы түзүүчүлөрдүн бири. Ал 1914-15-ж. Ысык-Көл ойдуңуна экспедиция менен келип, геол., гидрогеол. ж-а гидрогеографиялык бай материал чогулткан. Натыйжада азыркы мезгилге чейин өзүнүн актуалдуулугун жогото элек капиталдык эмгек жарык көргөн. Бул эмгегинде, ошондой эле кийинки чыгыш Казакстандык геологиясына арналган эмгектеринде Күнгөй Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн геологиясына тийиштүү көптөгөн маанилүү маалыматтарды берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү