Кастору (1865-1918) өрөөндөгү аялзатынан чыккан тарыхый инсан.


Калыстыгы, чечкиндүүлүгү менен эл арасына “Кастору датка” аталган. Чаткалдын Коргон-Төбө аймагында жашап өткөн. Балыктуу-Сай жайлоосунан Кайың-Суу, Жарты-Суу аймактарына эгин суугаруу максатында казылып келген арык үчүн кытай, кушчу урууларынын ортосунда талаш башталып, уруулар ич ара чабышка камданат. Чыр башталаарда колуна союл алып, жайдак бээ минип келген Кастору эне “Талашты токтоткула, ким макул болбосо мени менен жекеге чабышка чык” - дейт. Эч ким чыкпай, Кастору эненин “Арык укумдан-тукумга чыр бойдон улана берээрин, ошондуктан аны көмүп салуу” сунушун туура көрүп, арык кайра көмүлүп, элди ич ара кыргындан сактап калган. Кастору датка бийлер менен бирге уруу аралык, адамдардын ортосундагы талаштарды калыс чечип келгендиги айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6