Кастрен Матиас Александр

Кастрен Матиас Александр (Castren, Mathias Alexander; Матвей Христианович) (2- декабрь 1813-ж., Тервола кыштагы, Финляндия — 7-май 1852-ж., Гель­сингфорс (Хельсинки)), Россия империясы, финн жана орус тилчиси. Финндердин жана угро-финн элдеринин келип чыгышын, алардын тилдерин изилдеген, өз өмүрүн илимге багыштаган атактуу окумуштуу. 1847-ж. Сибирге жасаган экспедиция учурунда Саян-Алтай, анын ичинде Хакас-Минусин ойдуңунда болгон М.А.Кастрен орто кылымдардагы кыргыздарга таандык көрүстөндөрдү, руникалык жазуу эстеликтерин изилдеген алгачкы илимпоз. Анын археологиялык, этнографиялык жана лингвистикалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында угро-финн элдеринин тарыхый мекени Саян-Алтай деген пикирди айткан. Изилдөөчү Енисей аймагындагы эстеликтерди кайсыл маданиятка таандык экендигин бөлүп көрсөткөн эмес. М.А.Кастрен түрк, самодий, тунгус-манжур, монгол, угро-финн элдеринин түпкү тарыхый теги бир деген пикирди колдогон. Теги финляндиялык шведдерден болгон Матиас Александар чоң үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Анын экинчи Александр деген аты Россия империясынын императорунун атынан коюлгандыгын белгилешкен. 16 жашында Хельсинки университетине тапшырып, жокчулукка кабылган Матиас мугалим болуп иштеп, кошумча каражат тапкан. Расмус Раск аттуу даниялык окумуштуу-тилчинин китептери менен таанышкан Матиас-Александр Кастрен андан таасир алып, тил илимин изилдөө жолун тандап алган эле. 1936-ж. университетти аяктап, илимдин кандидаты деген наамга ээ болот. Студенттик мезгилден финн тили жана фольклоруна кызыккан Матиас философия боюнча илимий даражаны алган. Россия Илимдер Академиясынын жана финн (Улуу Финляндия княздыгы) казынасынан колдоо алган жаш илимпоз 1845-ж. тартып угро-финн элдери менен самодийлердин этногенетикалык жалпылыктарын тастыктоо максатында Түндүк Европагна, Урал, Сибирь, Ыраакы Чыгышка илимий экспедицияларга чыккан. Бүгүнкү күну жок болуп кеткен кот же кет тилдери тууралу маалыматты илимге киргизген. Экспедициянын жыйынтыгы жана андагы жыйналган материалдар менен докторлук диссертациясын коргоп, тил илими боюнча Финляндиядагы эң алгачкы профессор болуп калган. Гелингфорс университетинде 20 ашуун тилдин грамматикасын жазып, сөздүктөрүн түзгөн. Антон Шифнер тарабынан жыйналган М.Кастрендин эмгектеринрин жалпысы 12 томду түзүп, «Северные путешествия и исследования доктора М.А. Кастрена» («Nordische Reisen und Forschungen von Dr. M.A. Castren», 1853-1862) деген аталышта жарык көргөн. Анда 5 самодий тилдери, жок болгон камассин тили боюнча баалуу материалдар кирген, финндердин “Калеваласын” шведдердин тилине которгон. Минуса ойдуңун жана дарыясын финн (чудь) тилиндеги “менин үлүшүм” деген мааниде которгон. Окумуштуу коми, мари, удмурт, саами, ханты, манси ж.б. тилдерди изилдеген. 1851-ж. Хельсинки университетинде финн тили кафедрасын негиздеп, самодий тилдеринин граматикасын жазууга киришет. 1852-ж. учук ооруусунан каза болгон.

Негизги эмгектериОңдоо

  • Кастрен М. А. Основы зырянской грамматики = Elementa grammatices Syrjaenae. — Helsingforsiae, 1844. — 166 с.
  • Кастрен М. А. Основы черемисской грамматики = Elementa grammatices Tscheremissae. — Kuopio, 1845. — 75 с.
  • Кастрен М. А. Путешествие по Лапландии, Северной России и Сибири в 1838—1844, 1845—1849 гг. — СПб., 1860.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015