Касымбекова Шарипа
Касымбекова Шарипа 1949-жылы 12-октябрда Сузак районунун Тайгараев айылында туулган.
- 1967- жылы Кызыл-Пахтачы атындагы орто мектепти,
- 1969- жылы Айыл чарба техникумун аяктап, эмгек жолун ошол эле жылы «Тайгараев» атындагы совхоздун 1 -бөлүмүнүн бухгалтериясында эмгектенип баштаган.
- 1972-жылы «Дружба» совхозунун бухгалтериясына которулуп,
- 1983-жылга чейин эмгектенген.
- 1983-1993-жылдары «Дружба» совхозунун №1 талаачылык бригадасынын бригадири болуп эмгектенип, үзүрлүү эмгеги бааланып, айылдак кеңешке депутат, жана аялдар комитетине мүчө болуп шайланат.
- 1994-жылдан бери «Мээрим» J дыйкан чарбасынын жетекчиси, ошону менен катар W i Айылдык кеңеш кызматында, Сузак району боюнча кеңешчи болуп эмгектенет.
- Бир канча Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
- 5 баланын энеси.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3