Катаев Валентин Петрович

Катаев Валентин Петрович [16 (28). 1. 1897, Одесса – 12. 4. 1986, Москва] – орус жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Чыгармачылыгы 1910-жылдан башталган. 1926–28-жылдары «Ысырапкорлор» повестин, «Ар кандай чечилбес иш» комедиясын жазган. 1932–45-жылдары аны чебер прозачы катары дүйнөгө тааныткан «Убакыт, алга», «Бүлбүлдөйт жалгыз жел кайык», «Полктун уулу» (1946, СССР мамлекеттик сыйлыктын) аттуу чыгармаларын жараткан. Катаев – «Касиеттүү кудук» (1967), «Кубик» (1969) аттуу мемуардык повесттердин жана «Дубалдагы кичинекей темир каалга» (1964), «Унуткаруу чөбү» (1967), «Алмаздуу шөкүлөм» (1978) аттуу публицистикалык повесттердин автору. Анын айрым чыгармаларын кыргыз тилине А. Алдашев, К. Эшмамбетов, К. Алиев, Р. Сулайманкулов, Ш. Шамурзаев жана башка которгон. Үч Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү