Катаклаз (грекче kataklо – талкалайм) – тектоникалык кыймылдардын, метаморфизмдин таасиринен тоо тектери менен минералдардын түзүлүшүнүн өзгөрүшү жана талкаланып кетиши. Негизинен тектоникалык жаракаларда, метаморфизм аймактарында байкалат. Мында минералдардын кристаллдык торчосу бузулат. Кристаллдарынын өлчөмү өзгөрөт. Катаклаздык түзүлүш келип чыгат. Микроскоп менен аныкталат. Өтө майда талкаланса, «тектоникалык ун» (тоо уну) деп аталат. Аймак минерал заттардын эритиндилерин өткөрүүгө жакшы шарт түзөт. Натыйжада алардын кени топтолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү