Катализ (гр. katalesis — бузулуу) — катализаторлор таасири астында реакциянын ылдамдыгы өзгөрүү кубулушу. Ал гомогендүү жана гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга кирүүчү заттар менен катализатор бирдей фазада аракеттенишсе (газ же эритме) гомогендүү, ар түрдүү фазада болсо, гетерогендүү К. деп аталат. Мис., гомогендүү К. гидроксил менен суутек иондорунун жардамы аркылуу жүрүүчү к-та негиздик К. кирет. Хим. ө. ж-нда продукциялар көпчү-лүк бөлүгү гетерогендүү К. жардамы менен алынат. Гетерогендүү К. учурунда реакция катализатор үстүңкү бетинде өтөт. Демек, катализатордун активдүүлүгү анын үстүңкү бетинин чоңдугуна жана касиетине көз каранды болот. Реакция активдүү аралык бирикмелер аркылуу жүрөт. Гетерогендүү реакциялар мисал катарында аммиактын синтезделишин, азот к-тасын өндүрүүдө аммиак окистенишин жана башка келтирүүгө болот. К. биологиялык системаларда да өтө чоң ролду ойнойт. Тамак синирүү системасында, канда, жаныбарлар жана адам клеткаларында өтүүчү хим. реакциялар көпчүлүгү катализдик реакциялар. Ферменттер - катализаторлор, жөнөкөй же татаал белоктор болуп саналат. Шилекей курамында крахмалды кантка айландыруучу птиалин ферменти бар. Ашказандагы пепсинфермент белокту ажыратууну катализдейт. Адам организминде 30 минге жакын ар түрдүү ферменттер бар; алардын ар бирөө тиешелүү реакциялар үчүн эффективдүү катализатор катарында кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү