Катания ( итал. Catania) — Италиянын Сицилия аймагындагы порт шаары, провинцияга теңештирилген Катания аталыштагы аймактык бирдиктин талыштагы аймактык бирдиктин административдик борбору. Шаар Сицилия аралынын чыгыш жээгинде, Этна тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы - 294756 киши (2010).

Катания
итал. Catania
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Италия

If:

Катания (метрополитен шаары)

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

729-жылы б.з.

Калкы
Расмий тили

Италиялык тили

Калкынын саны

1 066 765 (2020 жыл) ([[]])

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Италиялыктар 99%

Этнохроним

итал. catanesi

Сандык идентификаторлор
Телефон коду

+39

Почта индекси

95121-95131

Шаардын коргоочусу Ыйык Агата 5-февраль шаардык майрам болуп эсептелинет.

Тарыхы түзөтүү

Катания 729-жылы биздин заманга чейин Евбейдеги Халкис шаарынан келген грек колонизаторлору тарабынан негизделген. Шаардын тургуну, анын жарым легендарлуу мыйзам чыгаруучусу Шарондас болгон жана анын мыйзамдары өтө катаал болгон , бирок Италиянын жана Сицилиянын башка Халцидия колонияларында “ Халькидия эрежелери ” деген ат менен кабыл алынган.

476-ж. д. шаарды каардуу сиракуздук тиран Хиеро I басып алып, анын тургундарын кууп чыккан жана аны Этна деп өзгөрткөн. Тиран кайтыш болгон соң, адамдар кайра көчүп келип, Катанияны баштапкы атын кайтарып алышкан. Бирок эгемендүүлүк мезгили кыска болуп: 403-ж. д. Сиракузанын башка башкаруучусу шаарды баш ийдирип, анын тургундарын кулчулукка саткан. Бул доордун археологиялык эстелиги - Коре (Персефон) эстелиги болуп саналат.

Катания дээрлик 150 жыл бою Сиракузага көз каранды болгон. 263-ж. д. Биринчи Пуни согушунда шаар римдиктер тарабынан басып алынган жана 5-кылымга чейин Рим империясынын курамында болгон. Бир нече кылымдар бою экономикасынын жана маданиятынын гулдөгөн мезгили болуп эсептелинип: Бул жерде форум (анын урандылары Сан-Панталеоне короосунун жанында сакталып калган), арабалар боюнча мелдештер үчүн цирк, театр жана одеон, түндүк бөлүгүндө амфитеатр курулган. Суу менен камсыздоо системасын түзүү ошол эле мезгилге туура келет, ошондуктан бул шаардыктардын жашоо деңгээлинин бийиктигинен кабар берет.

Рим кулагандан кийин, шаарды Византия империясы башкарган. 827-жылы арабдар Сицилияга келип, кийинчерээк 1071-жылы Роджер Iнин жетекчилиги астында нормандар тарабынан кууп чыгарылган.

1169-жылы Катания катуу жер титирөөдөн талкаланган. 30 жылдан кийин шаар бийлиги Фредерик Барбароссанын уулу Генри VIга каршы күрөштө Hautevilles колдоо көрсөткөн. Буга жооп кылып императордун аскерлери шаардын бир бөлүгүн, анын ичинде соборду басып алып, өрттөп салышкан. Фридрих IIнин тушунда Катания акыры феодалдык көз карандылыктан кутулган (1240).

1347-жылы чума эпидемиясынын натыйжасында шаар дээрлик калксыз калган .

Сицилияда биринчи университеттин ачылышын (1434) Катаниянын маданий статусунун ырастоосу деп эсептесе болот.

17-кылымдын экинчи жарымы шаардын тарыхында трагедиялуу мезгил болгон: 1669-жылы Этна тоосу катуу атылып, үйлөрдүн көбү лава жана күл катмарынын астында калган. 1693-жылы Катания биринчи шоктон чыга элек кезде, жер титирөө сакталып калган же курулган нерселердин бардыгын талкалап кеткен. Бирок тургундар шаардан чыкпай, кайра калыбына келтиришип алышкан. Негизги материал катары кара лава жана жеңил акиташ колдонулган.

19-кылымда Катания 1837 жана 1848-жылдары бурбондорго каршы көтөрүлүп, кийин Бириккен Италиянын курамына кирген. Бул мезгилден баштап, шаар тездик менен өнүгүп, Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда бир аз басаңдаган. Акыркы бир нече ондогон жылдар бою, Катанияда жогорку технологиялык өндүрүш түзүлдү, ошондуктан ал кээде Европанын Силикон өрөөнү деп аталат.

География түзөтүү

Климат түзөтүү

Демография түзөтүү

Ажайып жайлары түзөтүү

 
 
 
 
 
Ыйык Агата собору "Пил фонтаны" Санта Мария дель Элемосина монастырдык чиркөөсү Сан Бенедетто да Норсия Винченцо Беллининин эстелиги

Катаниядагы христианчылык түзөтүү

Экономика жана транспорт түзөтүү

Катания маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Кеме оңдоочу заводдор, локомотив депосу, айыл чарба техникасы жана электроника, нефтини кайра иштетүүчү жана химиялык өнөр жай ишканалары бар. Шаарга жакын жерде жаратылыш газы бар.

  • Театр Массимо Беллини


Билим жана илим түзөтүү

  • Катания Университети