Катрен (фр. – төрт) – төрт саптан турган ыр. Чыгыш поэзиясындагы рубаи жанрына жакын. Уйкаштыгы абаб, аабб, абба, ааба тартибинде болот. Сонеттин төрт саптуу куплети, эпиграмма, эпитафия, учкул сөз көбүнчө катрен формасында жазылат. Мисалы,

Согушта каным катып ушунчалык,
Куладым чалчык сууга башым салып.
Ошондо эске түшүп тоо суулары,
Кетиптир “мөлт” деп жерге жашым тамып.
(С. Эралиев)


Колдонулган адабияттар түзөтүү