Катуу буудай (Triticum durum L/) – буудайдын түрү. Эгилген аянты боюнча буудай түрлөрүнүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда. 120дан ашык түрү белгилүү. Катуу буудай күздүк жана жаздык, ошондой эле кош сапаттагы формага ээ. Даны машагында тыгыз жайгашкан. Даны жумшак буудайдын данынан чоңураак, негизинен айнек сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат. Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот. Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жогору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты төмөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вермишель, кесме, шак, майда акшак алынат. Катуу буудай көбүнчө Россия, Казакстанда (катуу буудай өстүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда) эгилет. Кыргызстанда катуу буудай аз аянтта эгилет жана сугат жерлерде 60–70 цге чейин түшүм берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү