Катынь (Катын токою) – Смоленск областындагы 1940-жылы жылдын жазында СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК – НКВД) кызматкерлери тарабынан атылган, польшалык инсандар (айрыкча туткунга түшкөн поляк армиясынын офицерлерин) көмүлгөн жер. 1939-жылы августта СССР менен фашисттик Германиянын ортосунда өз ара кол салбоо жөнүндө пакт түзүлгөн. Пакт боюнча Польшанын батыш аймактары Германияга, чыгыш аймактары СССРге карамак болгон. 1939-жылы сентябрда Германия Польшага кол салып, 10 күндө караткан. Румынияга качкан Польша өкмөтү туткунга алынып, эркиндиги чектелген. 1939-жылы Кызыл Армия Украина, Беларуссиянын батыш аймактарын жана Польшанын чыгыш аймактарын караткан. Кызыл Армияга каршылык көрсөткөн поляк офицерлери, интеллигенция өкүлдөрү туткунга алынып, түрмөгө, лагерлерге камалып, 1940-жылы ИИЭК кызматкерлери тарабынан Катынь токоюнда (Беларуссия) атылган. 1943-жылы жергиликтүү элдин маалыматы боюнча атылгандардын сөөктөрүн Катынь токоюнан поляктар тапкан. Совет бийлиги 1990-жылга чейин Катынга тиешеси жок экендигин билдирип, бүт жоопкерчиликти Германияга жүктөгөн. 1990-жылы СССРдин башкы аскер прокуратурасы тарабынан Катынь жөнүндө иш козголуп, ал 2004-жылы жабылган. 183 томдон турган Катынь жөнүндөгү иштин ичинен РФ 67 томду гана Польшага берип, калган 116 том РФтин мамлекеттик сыры катары эсептелгендиктен, Польшага берилген эмес. Архив документтери боюнча Батыш Украина менен Батыш Беларуссияда жалпысынан 21 857 киши атылган, анын ичинде Катынь токоюнда 4 421, Харьковдо 3 820, Калининде 6 311 жана лагерлер менен түрмөлөрдө 7 305 киши өлгөн. Туткунга түшкөндөрдүн арасында келечектеги Польшанын президенти Войцех Ярузельский, Израилдин премьер-министри Менахем Бегин да болгон. Катынь Польша менен Россиянын мамилелерине терс таасир тийгизген. 1989-жылы Катынь мемориал комплекси орнотулган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү