Катын-Арт ашуусу
Катын-Арт ашуусу — Алай кырка тоосунда Алай (Түштүк) жана Гүлчө (Түндүк) өрөөндөрүн байланыштырат. Бийиктиги 3514 м. Тоо кыркаларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200– 300 м. Ашуунун бели анча татаал эмес. Тоо кырлары тайпак, түздүктүн калдыктары кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу аркылуу Ош-Хорог автомобиль жолу өтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2