Катыраңбашы тоосуАлай кырка тоосунун түндүк тармактарынын бири. Катыраңтоонун батышында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 2200–2500 м, эң бийик жери 3048 м. Кырдуу, аскалуу, капталдары жантайыңкы, кыска. Палеогендин чопо, алевролит, кумдук, акиташ жана башка тектеринен турат. Чөл, жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары басымдуу. Нымдуураак тоо беттеринде талаа жана шалбаалуу талаа алкактары кездешет. Чарбачылыкта чабынды, кайрак айдоо, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү