Каучуктуу өсүмдүктөр – айрым органдары жана ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз жана башка). Каучуктуу өсүмдүктөрдүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана өнөр жайда керектелет. Каучуктуу өсүмдүктөр каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хлоренхималык (өркүн менен жалбырактын жашыл тканында) жана паренхималык (сабак, тамырында) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алынат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактарынан (сапиум, маннок, фикус, кастилла жана башка) алынат. Латекстик каучуктуу өсүмдүктөр (тоо сагыз, көк сагыз жана башка) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү