Кашан шаары شهر کاشان түзөтүү

Кашан шаары Тегеран шаарынын түштүк-чыгышынан 200 километр аралыкта жайгашып, Ирандын эң кооз шаарларынын бири. Көздүн жоосун алган тарыхый имараттары, бакчалары, табияты, караван сарайлары, байыртадан күнү бүгүнкүдөй сакталып калган базарлары менен белгилүү.

Эски базар түзөтүү

Кашан шаарындагы байыркы атмосфераны сактап калган эски базарындай базарды жана шаарды Иранда табуу кыйын. Бул шаарда жайгашкан аныгы чыгыш базарына барып ал жактагы кыжылдаган элдин бири бир менен түртүшүп базар толо элдин максаты жөн гана алып-сатуу, байлык үчүн эмес экени улуу сыр. Ичиндеги көптөгөн жолдор жана өтмөктөр, баш айланткан жыпар жыт кайдан жыттанып атканын, ар бир жыгач эшиктердеги кылдаттык менен чегилип жасалганын, базарды ар кандай жамандыктардан сактаган жарык шоола кайдан келип аткандыгын түшүнө албагандай сыңары бул базарды адамдын ички дүйнөсү менен салыштырса болот.

Мейдон-е Фейз аянты түзөтүү

Мейдон-е Фейз аянтында селжук башкаруучусу Жаханшах Кара-Коюнлу жана анын министри кожо Имамаддин Махмуддун жардамы аркылуу болжол менен жети жүз жыл мурун салынган Мира Амад мечити жайгашкан. Мечиттин ажайып кооз кире беришин сөз менен айтып түгөткүс, ал эми дарбазанын алды жагынан ичкери кире бериште, жарык жана кайдан жайдан пайда болгону белгисиз капага толгон дагы бир кичинекей дарбазага туш келесиңер. Короодогу кичинекей көлмөчөнү карай ийилип турган анжир дарагынын үч ача бутагы жана согуштан башпаанек издөө үчүнбү же ошол доордогу катуу кырдаал үчүнбү айтор мечитке келип жашап калган афгандык абышканын намаз окуп отурган көрүнүшү ажайып көрүнүш. Ал афган ар күнү ырахаттануу менен мечиттин эшигин эл үчүн ачат. Мечиттин дубалдарындагы тактачада көптөгөн кекирейген, текебер жана мээримдүү, ажалга тик карап курман болгон Ирандын падышаларынын аттары оюлуп жазылган. Байыркы өткөн заманда шаарга өздөрүнүн соода иштери менен келген соодагерлер алгач малга жүк артып, андан соң чарчаган бирок жагымдуу маанай менен кальян тартышкан. Булардын баары кайда болгон? - деген суроо туулат. Албетте булардын баары караван сарайда. Мындай караван сарайлар Кашан базарынын ичинде абдан көп. Ал эми базардын так ортосунда 1886-жылы Фарук хан Гаффари Аминь–аль Доуланын заманында курулган Аминь-аль-Доула караван сарайы жайгашкан. Төбөсү жабылган, дубалдардын таянычтары ийилип келип бири бирине кошулган бул караван сарай белгилүү архитектор Али Марьям Кашани тарабынан курулган. Бир нече катмар балкондору бар сырдуу салынган караван сарай Хандын баниси деп аталат. Бир нече жыл мурун бул жер жаман жоруктун очогу болгон – анткени ал жакка шаардагы эң белгилүү апийимчилер көмүскө чогулган жер. Ал эми азыр бул жер улуттук стилдеги жөнөкөй чайкана. Базардын ичинде усталардын устаканалары жайгашкан, алардын көбүнчөсү байыртадан бери сакталып калган, ал эми бул устаканалар азыкы тапта музей экспонаттары катары сакталып калбастан күнү бүгүнкүгө чейин элет тургундары тарбанынан колдонулуп келет. Азыр да бул устаканаларга жайма жай кирип анын ээси менен баарлашып, иш жүрүп жаткан учурду же болбосо жөн гана устакананын жасалгаланышын сүрөткө тартып алууга болот.

Хан сарайлар түзөтүү

Кашан шаарынын хан сарайлары – дүйнөдө бул хан сарайлардай байлык менен ажайып кооздук шайкеш келип жалпыланып берилген жерлер сейрек кездешет. Өзгөчө Амарих хан сарайынын ак дубалдарындагы назик агыш сары түс колдонулуп кылдаттык менен түшүрүлгөн оюулары көздүн жоосун алат. Ал эми бул хан сарай Алави көчөсүндө Херамшахр аянтынын жанында жайгашкан. Мындай заңгыраган кооз имараттар Кашан шаарында аз эмес. Амарих хан сарайынан тышкары Табатабаи, Боружерди жана Аббасийан хан сарайлары да көз жоосун алып, көргөн адамды суктандырбай койбойт. Алардын барынын салынышы окшошуп да кетет: алардын ар биринин ички короосунда ичинде балыктар ойногон бассейндер салынган, андан соң абдан кооз сырткы жана чоочун киши кирүүгө тыйуу салынган аялдар бөлүмдөрүнүн көрүнүштөрү көздүн жоосун алат. Алардын ар биринин ичинде жайдын ысык чилдесинде муздак абаны сактап туруучу жер төлөөгө окшогон атайы эс ала турган бөлмөлөр салынган. Ошондой болсо да ар бир хан сарайдын кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар.

Боружердин хан сарайы түзөтүү

Боружердин хан сарайы белгилүү архитектор Али Марьям Кашани тарабынан салынган. Ал эми имарат белгилүү сүрөтчү Сани-оль-Мольк менен анын окучуусу тарткан сүрөттөр, атайы чапталган сөлөкөттөр жана дубалдын бетине түшүрүлгөн скульптуралык сүрөттөр, фрески жана башкалары менен өзгөчөлөнөт.

Табатабаинин хан сарайы түзөтүү

Табатабаинин хан сарайы да белгилүү архитектор Али-Марьям Кашани тарабынан салынып ак сөөктөргө эмес килем сатуучу ири соодагерлер үчүн арналган. Ал имаратта чапталган сүрөттөр жана жазуулар Кажар доорундагы эң белгилүү сүрөтчү Мухаммад Гафардын жеткечилиги астында аткарылган. Бул хан сарайда жайгашкан колго жасалган белек-бечкек саткан дүкөнчөлөрдөн бар ар түрдүү сувенирлерди, анча кымбат эмес баага сатып алса же болбосо жөн гана улуттук музыка угуп отурууга болот. Аталган хан сарайда башка хан сарайдагылардай эле ирандык туристтер аз, ал эми чет элдик туристтер чанда гана.

Кашан шаарынын өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Кашан шаарындагы заңгыраган тамдар ак сөөктөргө эмес соодагерлерге таандык болгон. Андыктан алар бир гана диний ой-жүгүртүүлөргө гана көңүл бөлбөстөн ажайып кооздукка жана искусствого да көңүл бөлүп, абдан баалашкан. Андыктан перс акындары көбүнчө ушул чөйрөдөн чыкканы да бекеринен эмес. Кашандыктар байыркы илимий үрп-адаттары менен сыймыктангандары мактанаардык. Байыртадан Кашан шаары илим-билим шаары болуп эсептелген. Бул шаардан көптөгөн даанышмандар, философтор чыккан. Алар медреселерди салууда жана аларды кооздоодо каражат аяшкан эмес. Бул шаардагы эң чоң жана белгилүү окуу борборлордун бири – Медресейе Ага Бозорг 1869-жылы салынган.

Маданият түзөтүү

Кашан шаары ар дайым Ирандагы эң ири маданий борборлорунун бири болуп келген. Бул шаардан, атагы алыска таанылган сүрөтчүлөр Реза Аббаси, Сани-оль-Мольк, Камал-оль-Мольк, сүрөтчү жана поэт Сохраб Сепехри, акындар Мухташам, Нараки, Шейбани, Махмуд-хан жана да көптөгөн философтор чыккан. Кашан шаары булар менен эле чектелип калбастан бүткүл дүйнөнү суктандырган килем токуу өнөрү менен да белгилүү.

Табият түзөтүү

Укмуштуудай кооз, жыты аңкыган гүлдөрү бар бакчалары да Иран элинин көз жоосун алып, суктантпай койбойт. Алардын ичинен эң кооз деп эсептелген бакча, көптөгөн кудук жана суу агып турган арыктары бар Сад Фах Шин живопись бакчасы да бар. Өзгөчө, Шах-Фин бакчасындагы мончодо шахтын буйругу менен белгилүү мамлекеттик ишмер, Ирандын мурунку биринчи министри Амир Кабир (Улуу Амир) 1852-жылы өлтүрүлгөндүгү менен белгилүү. Амир Кабир көп жылдар бою ирандын монархтарына акыйкат кызмат кылган, бирок кандайдыр бир себептер менен жаңы өкмөткө жакпай калып 1851-жылы Кашан шаарына жөнөтүлгөн. Бакчанын так ортосунда Сафавид доорунан сакталып калган чоң көлмө жана заңгыраган имарат жайгашкан. Анын дубалдары жана түндүгү көптөгөн ханзаада, хан кыздары жана мергенчилер мергенде жүргөндөгү сүрөттөр жана жазуулар түшүрүлгөн. Ал эми бакчанын тегерегин 19-кылымдын биринчи жарым жылдарындагы жаңы салынган имараттар курчаган. Ал имараттардын биринде археология жана антропология музейи жайгашкан. Бул музейден Тапе Сиалктын көптөгөн археологиялык казууларын жана табылгаларын көрсө болот. Ал эми Тапе Сиалк – бул азыркы Кашан аймагына б.з.ч. 5 миң жыл мурун отурукташкан эң биринчи калк. Шаардын күн батыш тарабында жайгашкан Сиалк деген дөңсөөдө археологдор б.з.ч. 5 миңинчиден 1 миңинчи жылга чейинки жашаган калктын чептерин, көрүстөндөрүн жана чоподон курулган имараттарын табышкан. Булардан тышкары Ибрахим ханзааданын бакчалары, Базарче Малек базарында жайгашкан Табризи мечити, Таж тарыхый имаратында жайгашкан анча чоң эмес бирок маанилүү этнография музейи, шаар ичинде жайгашкан анча чоң эмес бирок балкондору жана ар түрдүү оюлар менен кооздолгон жыгач эшиктери бар үйлөр шаардын көркүн ачат.

Кашандан чыккан белгилүу инсандар түзөтүү

  • Гияс ад дин Жамшид Кашани
  • Гатаб ад дин Раванди
  • Сухраб Сепехри
  • Хабибуллах Шариф Кашани
  • Фатхуллах Хан Шибани
  • Фатхали Саба
  • Сани альМольк
  • Реза Аббаси
  • Мулла Мохсен Физ Кашани
  • Фазл ад дин Кашани
  • Сепиде Кашани
  • Азад дин Махмуд Кашани
  • Мухташам Кашани
  • Мофег Кашани
  • Хасан Каши
  • Калим Кашани
  • Кемаль алМольк
  • Сейидали Ясриби Кашани
  • Али Мариям Кашани
  • Аббас Арианпур Кашани
  • Ихсан Хаж Сафи

Булактар түзөтүү

  • http://www.iranicaonline.org/articles/kashan-ii-historical-geography KASHAN ii. HISTORICAL GEOGRAPHY
  • KASHAN i. GEOGRAPHY
  • KASHAN v. ARCHITECTURE (1) URBAN DESIGN
  • KASHAN v. ARCHITECTURE (2) HISTORICAL MONUMENT
  • KASHAN v. ARCHITECTURE (4) HISTORIC MANSIONS
  • Holly Kerr Forsyth. «LESSONS IN GARDEN HISTORY
  • Gardens of Eden: Among the World's Most Beautiful Gardens. ۸۷
  • Peter Jackson, Laurence Lockhart. «SPIRITUALITY
  • KASHAN iv. POPULATION
  • KASHAN ix. THE MEDIAN DIALECTS OF KASHAN (2) URBAN JEWISH DIALECT
  • Traditional skills of carpet weaving in Kashan
  • KASHAN viii. RELIGIOUS COMMUNITIES (1) JEWISH COMMUNITY
  • www.newscarpet.ir.
  • http://www.irna.ir

https://fa.wikipedia.org/wiki/%DA%A9%D8%A7%D8%B4%D8%A7%D9%86 География