Каширин, Федор Тихонович

Каширин, Федор Тихонович (1911, Воронеж облусу, Борисоглебский р-ну, Танцырей кыштагы – 1997, Бишкек ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1964), профессор (1968), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1954), Москва геол. чалгындоо ин-тун (МГРИ) бүткөн (1938). Кыргыз ССР Геол. башкармалыгында геол. партиялар менен экспедициялардын башкы геологу, начальниги (1941–56), Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1958–60), Геология ин-тунда сектор башчы (1956), ин-ституттун директору (1975–88). Илимий эмгектери Кыргызстандын көмүр ж-а уран-көмүр кендеринин геологиясына, алардын таралыш өзгөчөлүгүнө, пайда болуу шарттарына арналган; көмүргө ж-а алардагы уран металлдарына сан ж-а сапаттык баа берилип, аларды издөө ж-а пайдалануу жолдору сунуш кылынган. К-дин жетекчилиги менен Кабак, Каракече өрөөндөрүндөгү юра мөзгилинде пайда болгон көмүрлүү тоо тек катмарларын изилдөөнүн мааниси чоң. К. 60 илимий эмгектин, анын ичинен 7 монографиянын автору. Кыргыз ССР Жогорку Советине (3-шайланышына) депутат. Кыргызстандагы урандын ири кенин ачууга активдүү катышканы үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын ыйгарылган (1953). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

Колдонулган адабияттар түзөтүү