Кашка-Дарыя
Кашка-Дарыя – Өзбекстандагы дарыя. Узундугу 378 км, алабынын аянты 8780 км2. Заравшан жана Ысар кырка тоолорунун батыш тармактарынан башталып, Каршы талаасында кумга сиңип кетет. Орточо чыгымы тоодон чыга беришинде 25 м3/сек. Карши каналы аркылуу Аму-Дарыядан суу алат. Кара-Дарыяда Чым-Коргон суу сактагычы курулган; боюнда Каршы шаары бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9