Кашка-Суу көрүстөнү – мезолит (Биздин заманга чейинки 12–7-миң жылдык) жана неолит (Биздин заманга чейинки 7–4-миң жылдык) доорлоруна таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Ара-Бел суусунун сол тарабында жайгашкан. 1997-жылы КУУнун археология жана этнология кафедрасынын археологдору казып, изилдеген. Казуу убагында боюнун узундугу 1,92 м келген жоокердин сөөгү, сөөктөн жасалган камчы сап, ээрдин калдыгы, малдын омурткасынан жасалган басмайылдын тогоосу, таш куралдар, бычак, кыргыч, курал жасоочу таш чабындылар, жука, кичине нуклеус, чопо идиштер, ошондой эле Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченине таандык сабы сөөк медициналык аспап сымал буюм табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү