Кашка-Суу мөңгүлөрүЧоң Алай кырка тоосунун Түндүк капталында, Алтын-Дара суусунун алабында жайгашкан. Азыр анда этек мореналары туташ жаткан, өрөөн тибиндеги үч мөңгү бар. Анын экөө (Ортоңку жана Батыш Кашка-Суу мөңгүлөрү) ири мөңгү. Ортоңку мөңгүнүн узундугу 5,5 км, аянты 4,8 км2. Абляциясынын аянты 1,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5500 м, этеги 3940 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м. Батыш мөңгүнүн узундугу 5,5 км, аянты 5,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5500 м, этеги 4080 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4500 м. Абляциясынын аянты 1,5 км2. Мөңгүлөрдөн Кашка-Суу башталып, Миң-Теке менен кошулуп, Алтын-Дарага (Кызыл-Суунун сол куймасы) сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү