Каштан (Castanea) – өсүмдүктөрдүн кара кайыңдар тукумундагы дарак уруусу. Каштандын 14 түрү Түндүк Америка, Япония, Кытай, Жер Ортолук деңиз жээктеринде өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 1 гана түрү – эгилме же кадимки каштан Кавказдын Кара деңиз жээги, Закавказье жана башка жерлерде өстүрүлөт. Бийиктиги 35 м, диаметри 2 мдей. Көп жыл (500 жылдан ашык) өсөт. Тамыры жерге терең кирет. Гүлү майда, сөйкөчөдөй, ак, жалкы же кош жыныстуу; кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү – жаңгакча, күрөң кабыгы жука, ар чанакта үчтөн мөмө болот. Кычкыл боз топурактуу, жылуу, жарык жана нымдуу жерде жакшы өсөт. Каштан 5–10 жылда мөмөлөйт. Мөмөсү кондитер өнөр жайында пайдаланылат. Данында 60% крахмал, 17% кант, 8–11% азоттуу зат, 2% май болот. Жыгачы суу астындагы курулмаларда, курулушта, кабыгы кездеме боёодо пайдаланылат. Кыргызстанда парк, көчөлөрдө кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү