Каңгүй, Кангха, КангдизОрто Азиядагы байыркы мамл. бирикме. Арал деңизинин боюн, Амударыя менен Сырдарыянын аралыгындагы бир катар жерлерди, Хорезм, Ташкен, Талас суусуна чейинки түндүк Теңир-Тоо аймактарын камтыган. Каңгүй мамлекетине беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) караган. 120миңдей аскери, алты жүз миңдей калкы болгон. Каңгүй мамлекети б. з. ч. 2-кылымда усун уруулар союзу жана Дабан мамлекети менен элчилик, соода жана маданий байланышта болгон. Каңгүй б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда хунндардын кытайларга каршы канатын колдогон. Б.з. 1-кылымында кушандыктар менен алака түзүп, каңгүй падышасынын кызына Кушан өкүмдары үйлөнгөн. Б. з. 1–3-кылымында Хорезм жана Ташкен аймагын Кушан мамлекетине тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарында б. з. 287-жылы каңгүй элчилери Кытайдын Батыш Цзин, 379-жылы Эртецин, 437-жылы Вэй падышалыктарына келгендиги баяндалат. Каңгүйлөр этностук компоненттер катары соңку түрк элдеринин курамдарына (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, каракалпак жана башка) жуурулушуп кеткен.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.