Канды - ичкиликтер (булгачылар) уруулук тобундагы ири уруунун аталышы. Каңды тектеш түрк элдеринде кенен таралган уруу - урук аталыштары катары маалым. Параллели башкырт, казак, каракалпак, ногой, өзбек, крым татарларынын курамдарында бар. Изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү «каңды» этнониминин биздин заманга чейин ІІІ-І кк. Сыр Дарыянын орто агымына канатташ жайгашкан Кангюй же Кангха (кытай жыл баяндары жана Авестанын маалыматтары боюнча) мамлекети менен байланыштырышат. Мамлекеттин борбору бүгүнкү Отрар шаары жайгашкан аймакта болгондугу белгилүү. Түрк тилдүү кангюйлар зороастризм динин тутунушуп, күнгө, айга жана айрым жапайы аң жаныбарларга сыйынышкандыгы маалым. Усундардын көрсөткөн кысымынан улам, кангюй уруулары түндүк хуннулар байырлаган аймак- тарга көчүп өтүшкөн. Тарыхый өнүгүүнүн соңку этаптарында кангюилар алан-сармат, хазар, согду, эфталиттерге, Батыш Түрк каганатына, арабдарга, караханийлер дөөлөтүнө каршы күрөшүшкөн, айрым учурларда көз каранды абалда да калып турушкан. Каңдылардын (канлы) кыпчак уруулары (9-к. тарта) менен алакалары өзгөчө бөлүп каралуучу маселе. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде кыпчак үстөмдүгүнүн мезгилинде каңдылар кыпчак уруулук союзуна структуралык компонент катары киришкен. 13-к. каңдылар кыпчактардын орчундуу бөлүгүн түзүп калышкан. Рашид ад-Дин каңдылар Элуй Сирас жана Көк Ирдыш (Иртыш) дарыяларынын ортосунда наймандар менен бирге кыргыздарга жамаатташ жайгашкандыктарын жазат. Болжолу, 11-13-кк. каңдылардын бир бөлугү Жетисуудан түндүк-чыгыш тарапта көчүп-конуп жүрүшкөн. Дал ушул мезгилде Хорезм шахтарынын мамлекетиндеги саясий турмушунда каңдылардын таасири абдан күчтүү болгону маалым. Каңдылар кыргыздардын курамына 11-13-кк. кеч кирген эмес. Учурда каңды уруусунун өкүлдөрү Кадамжай, Ноокат, Сузак, Өзгөн, Карасуу, Ноокен, Базаркоргон, Өзбекстандын Фергана, Анжиян аймактарын эзелтеден мекендеп келишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү