Каңлы, канды – б. з. ч 3–1-кылымдагы түрк уруулар бирикмеси. Сырдарыянын орто агымындагы өрөөндө жайгашкан. Борбору – Отрар шаары болгон. Түрк тилдүү каңгүйлөр зороастризм динин тутуп күнгө, айга жана айрым жапайы аң жаныбарларга сыйынышкан. Усундардын көрсөткөн кысымынан каңгүй уруулары түндүк хунндар байырлаган аймактарга көчүп өтүшкөн. Алар алан-сармат, хазар, согду, эфталиттерге, Батыш Түрк кагандыгына, арабдарга, Караханийлер дөөлөтүнө каршы күрөшүшкөн, айрым учурларда көз каранды абалда да болуп турушкан. Кыпчак үстөмдүгүнөн мезгилинде каңлылар кыпчак уруулук союзуна компонент катары кирип, 13-кылымда каңлылар кыпчактардын орчундуу бөлүгүн түзүп калышкан. Рашид ад-Дин каңлылар Элуй Сирас жана Көк Ирдыш (Иртыш) дарыяларынын ортосунда наймандар менен бирге кыргыздарга жамаатташ жайгашкандыгын жазат. Болжолу 11–13-кылымда каңлылардын бир бөлүгү Жетисуудан түндүк-чыгыш тарапта көчүп-конуп жүрүшкөн. Ушул мезгилде Хорезм шахтарынын мамлекетинин саясий турмушунда каңлылардын таасири күчтүү болгон. Абул Гази К-ларды огуз уруулары менен Ысык-Көл, Жулы, Телашта (Талас) жамаатташ жашагандыктарын баяндайт. Плано Карпини жана Рубрук 13-кылымда каңлыларды Сырдарыянын төмөнкү агымына, Каракумга чектеш аймактарга жайгаштырышат. 13-кылымда каңлылар Орто Азиядагы эбегейсиз зор аймакка (огуз-кыпчак этностук чөйрөсүнө) чачырап кетишкен, каңлылар бүгүнкү ногой, каракалпак, казак, крым татарлары жана башка элдердин этностук пайдубалын түптөөгө катышкан негизги этнокомпонент. Каңлы уруусун кыргыздардын курамындагы Булг(а)чынын тукумдары катары 16-кылымда Сайф ад-Дин Аксыкенди тарабынан жазылган «Мажму ат-Таварихте» эскерилет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.