Квадрига (латынча quadriga – төртөө) – бир катардагы төрт атка чегилген эки дөңгөлөктүү согуштук же ат чабышка катышуучу араба. К. адатта триумфалдык аркаларга же имараттын фронтондору менен аттикаларына орнотулган. К-ны туруп турган Аполлон же Даң кудайы башкарган. К. менен Галикарнастагы (биздин заманга чейин. IV кылым) мавзолей кооздолгон. Москвадагы Чоң театрдын фронтонунун үстүндө орнотулган (скульптор П. к. Клодт Аполлондун коло К-сы да көптөргө белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү