Квантор (латынча quantum – канча) – математикалык логиканын предикаттарын эсептөөгө колдонулган логикалык операторлордун жалпы аты. Логикалык оператор сүйлөмдүн ички логикалык курамын, жаңы субъекти менен предикаттын өз ара катышын жана логикалык ойдун сандык мүнөздөмөсүн билдирет. Квантатордун эки түрү бар: жалпылык квантатору («бардык», «ар бири» дагы ушу сыяктуу сөздөрдүн эквиваленти жана анын белгиси «х) жана бар болуу квантатору («кээ бир», «болот» дагы ушу сыяктуу сөздөрдүн эквиваленти жана анын белгиси х). Мисалы, «х жалпылык квантатору «бардык х үчүн» дегенди, ал эми х бар болуу квантатору «кээ бир х үчүн» дегенди билдирет. «Квантатор» терминин америкалык математик, философ Ч. Пирс киргизген (1885).

Колдонулган адабияттар түзөтүү