Кванттык электр-динамика

Кванттык электр-динамика – электр-магнит талаасынын жана анын заряддуу бөлүкчөлөрү (негизинен электрон, позитрон жана мюон) менен өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Тажрыйбада далилденген электр-магнит нурлануусунун дискреттүүлүгү жөнүндөгү түшүнүк Кванттык электр-динамиканын негизи болуп эсептелет. 1900-жылы М. Планк монохром жарыктын нурлануу процессинин дискреттүүлүгү жөнүндөгү гипотезаны айткан. Бул гипотеза боюнча электр-магнит талаасынын энергиясы белгилүү чоңдукта, башкача айтканда порция түрүндө өзгөрөт. А. Эйнштейн фотоэффект теориясын сунуш кылган. Ал теория боюнча электр-магнит талаасы фотон деп аталуучу элементардык талаалардан турат. Бул эки гипотеза азыркы кезде далилденген. Электрмагнит талаасынын кванты (фотону) – жыштыктын берилген чоңдугунда талаанын мүмкүн болгон минимум энергиясын E=hv жана импульсун p=h/l алып жүрөт, мында h – Планк турактуулугу, 1=с/и – толкун узундугу, с – жарык ылдамдыгы. Демек электр-магнит нурлануусуна v жана менен мүнөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, ошондой эле дискреттүүлүк, корпускулалык касиет да тиешелүү. Электр-магнит нурлануусунун заряддуу бөлүкчөлөр менен өз ара аракеттениши кванттык электр-динамикада бөлүкчөлөрдүн фотондорду жутушу жана бөлүп чыгарышы катары каралат. Фотондордун алмашуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн өзүнүн талаасы менен өздүк аракети же өз-ара аракеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып келет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы жана башка Классикалык электр-динамика түшүндүрө албаган айрым маселелер. Кванттык электр-динамикада толук чечмеленген, мисалы, нерселердин жылуулук бөлүп чыгарышы, жутушу, чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электр-магниттик өз ара аракеттениши жана башка Мындан тышкары электр-магниттик нурдун электрондор жана позитрондор менен өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да кванттык электр-динамика өтө так түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү