Квант күчөткүчү - зат аркылуу өтүүчү электр-магнит толкундардын энергиясын ал заттын дүүлүккөн атом молекуласы же иондордун аргасыздан нур чыгаруу эсебинен көбөйтүүчү (күчтөндүрүүчү) түзүлүш.

Бул учурда электр-магнит толкундар баштапкы жыштыгын, таралуу багытын, поляризациясын өзгөртпөйт жана күчөтүүчү түзүлүшкө түшүүчү толкунга когеренттүү бойдон кала берет. Квант күчөткүчү күчтөндүргөн энергиянын чоңдугу кыймылы квант механикасы менен аныкталуучу атомдун ичиндеги электрондордун энергиясынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Квант күчөткүчүндө башкы ролду индукциялык нурлантуу жана жутуу процесстери ээлейт. Күчөткүчтөн чыккан термелүүнүн амплитудасы ага кирген термелүүнүн амплитудасынан канча эсе чоңдугун көрсөтүүчү чоңдук күчөтүү коэффициенти деп аталып, ал күчөткүчтүн негизги мүнөздөмөсү болуп эсептелет. Квант күчөткүчү радио кабыл алгычтын кириш баскычында 4 мм ден 50 см ге чейинки толкун узундук диапазондо колдонулат. Радио диапазондогу Квант күчөткүчү космос байланышында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.